Кытайлык кыргыз жазуучулар биримдигинин мүчөсү Бектур Иляс уулунун маалыматы боюнча, Сатыбалды Аалы уулунун айтуусундагы "Манастын бабалары" аттуу китебинин Көктерек айылындагы эртеңки бет ачаар салтанатын манасчынын балдары уюштурушууда.
Китеп "Шинжаң ел басмасы" тарабынан 1200 нуска менен басылган. Сатыбалды аалынын "Манасында", башка дастандардан айырмаланып, Манастын бабалары тууралуу баяндалат.
Сатыбалды Аалы уулу 1933-жылы жарык дүйнөгө келген. Ал өзүнүн бул китебин көрүүгө үлгүрбөй, 2006-жылы 73 жашында каза болгон.
Жаңы вариант манас таануучу Ыскакбек Бейшенбек тарабынан жазып алынган жана жалпы 22 миң саптан турат.