Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 17:22

Сариев: Жаңы курам чогулгуча, БШКнын азыркы курамы ишин уланта берет


Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы курамынын биринчи ыйгарым укуктуу отуруму башталгандан кийин гана азыркы курамдын иши токтотулат. Мындай билдирүүсүн БШК төрагасы Акылбек Сариев “Азаттыкка” ачыктады. Анын айтымында, парламент шайлаган БШКнын он мүчөсү азырынча отурумга чогула элек. Натыйжада азыркы курам өз ишин уланта бермекчи.

Мындан тышкары Сариев, “Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” мыйзамда президенттик шайлоону өткөрүү мүмкүнчүлүгүн БШКнын азыркы курамына бере турган жобо бар экендигин да билдирүүдө:

“Эгер иштеп жаткан БШКнын мөөнөтү шайлоо өнөктүгү коюлган убакта токтотулса, анда анын ыйгарым укуктары ошол шайлоо кампаниясы бүткөнгө чейин узартылат деген жобо бар. Бул 30унда шайлоо коюлса, азыркы иштеп жаткан шайлоо комиссиясынын ыйгарым укуктары эми бул шайлоо кампаниясы бүткөнгө чейин узартылат деген сөз”,-деди Акылбек Сариев.

Мындай билдирүүгө БШКнын он жаңы мүчөсүн шайлап койгон Жогорку Кеңештен жооп боло элек. Буга чейин “Ата Мекен” фракциясын жетекчиси Өмүрбек Текебаев БШК мүчөлөрүнүн үчтөн экиси шайлангандан кийин иш башталарын “Азаттыкка” ачыктаган.

Жогорку Кеңеш 30-июнда президент сунуштаган төрт талапкердин экөөсүн колдоп добуш берип, калган экөөнү колдогон эмес. Натыйжада БШКнын жаңы курамына Акылбек Сариев шайланбай калган болчу. Ага чейин парламенттеги көпчүлүктүн жана оппозициялык фракциялардын атынан БШКнын жаңы сегиз мүчөсү шайланган эле. (KKs)

XS
SM
MD
LG