Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:07

БШК маалымат каражаттарын каттай баштады


Президенттик шайлоодо талапкерлердин үгүт ишин чагылдыруу үчүн жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарын аккредитациядан өткөрүү иши башталды. Бул тууралуу Борборду шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үгүт иштерине катышууну каалаган ЖМК шайлоо мөөнөтү белгиленгенден баштап 10 календардык күндөн кеч калбай, үгүт жүргүзүүнүн акысы тууралуу маалыматты жарыялап, БШКга билдириши керек. Аккредиттөө иши президенттик шайлоо тууралуу Жогорку Кеңештин 30-июндагы токтомунун негизинде башталууда.

Мыйзамга ылайык, үгүт иштери талапкерлерди каттоо мөөнөтү бүткөндөн кийин башталып, шайлоо күнүнө бир күн калганга чейин уланат.

Ушул тапта Боршайкомдун Акылбек Сариев төрагалык кылган курамы иш алып барууда. Жаңы курамы качан ишин баштаары азырынча белгисиз. Сариев БШКнын жаңы курамы расмий отурумга чогулганга чейин азыркы курам ишин улантаарын “Азаттыкка” билдирген. (KKs)

XS
SM
MD
LG