Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:28

Орусия Беларуска электр кубатын бере баштады


Президент Дмитрий Медведев Беларуска электр кубатын берүүнү жандантуу буйругун берди. Бул тууралуу РИА новости агенттигине орус мамлекет башчысынын басма сөз катчысы Наталья Тимкова билдирди.

Кремлдин ырастоосунда, орус өкмөтүнүн вице-премьер-министри Игорь Сечин Минск карыздарын төлөдү деп президентке телефон аркылуу бышыктагандан кийин Медведев жогорудай чечим кабыл алды. Экономикалык кризиске баткан Беларус карызынын бир бөлүгүн төлөй албай калгандыктан 29-июнда Орусия электр кубатын берүүнү токтотуп салган. Жума күнү Минск 21 миллион доллар төккөнүн билдирген.

XS
SM
MD
LG