Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Европа Мароккодогу референдумду колдоду


Европа биримдиги Мароккодогу жаңы Конституциянын эл тарабынан жактырылышын кубаттады. Евробиримдиктин тышкы иштер министри Кэтрин Эштон жана комиссар Штефан Фуленин биргелешкен билдирүүсүндө “референдумдун оң жыйынтыктары жана өнөктүктүн тынч, демократиялык маанайда өтүшү кубаттоого арзыйт” деп айтылат.

Ички иштер министри Таиб Чаркуи, алдын ала санактарга таянып маалымдагандай, добуш бергендердин 98,5 пайызы алымча-кошумчаларга колдоосун билдиришти. Реформа демилгесин падыша Мохамед Алтынчы демократиячыл акциялар башталгандан кийин өзү көтөрүп чыккан. Өзгөрүүлөргө ылайык, аткаруучу бийлик премьер-министрге өтөт, бирок падыша армиянын башкы командачысы, диний жана юстиция тармагынын башчысы бойдон кала берет.

XS
SM
MD
LG