Бул тууралуу Жогорку Кеңештеги Социал-демократтар фракциясынын жетекчиси Чыныбай Турсунбеков бүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кечээ Координациялык кеңештин жыйыны болуп, анда парламенттин кезексиз сессиясын кийинки жума күнгө белгилөө сунушталды. Бул сессияда Сотторду тандоо кеңешинин курамын бекитүү, БШКнын калган мүчөлөрүн шайлоо өңдүү маселелер каралып, балким өкмөттүн жаңы стуруктурасы да талкууналынышы мүмкүн.
30-июнда бешинчи чакырылыштагы Жогорку Кеңеш жарым жылдык сессиясынын акыркы күнүн өткөргөн. Анда бир катар олуттуу маселелер боюнча тиешелүү жыйынтыктар алынбай калган. Мындан улам парламенттеги айрым фракция өкүлдөрү төрагага кат жолдошуп, кезексиз сессия өткөрүүнү өтүнүшкөн. (KKs)