Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Ноябрь, 2023-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:11

4-июлда жаан-чачын күтүлбөйт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 4-июлда Кыргызстандын амймагында дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүзү гана айрым тоолуу райондордо күн күркүрөп, жаан жаашы мүмкүн. Батыштан соккон шамаалдын ылдамдыгы секундуна 3-8 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 27…32, Талас облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 26…31, Баткен облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 29…34, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25, Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -1…-6 градус суук, күндүз 3…8 градус жылуу болоору күтүлүүдө.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамаалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 14 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 14…16, күндүз 29…31 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG