Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:09

АКШ Борбор Азиядагы жолдорго артыкчылык берүүдө


Кошмо Штаттары Ооганстанга жүк ташуу үчүн Пакистандын Карачи портуна караганда Борбор Азия аркылуу өтчү жолдорду көбүрөөк пайдалана баштады. Бул тууралуу жазган “Вашингтон пост” гезити АКШ Пакистан менен мамилелер сууп кетет деген чочулоодон улам ушундай кадамга барып жатат деп боолголойт. Гезит Пентагондогу булакка шилтеме жасап жазгандай, азыр Ооганстандагы аскерий контингентке багытталган жүктүн дээрлик 40 проценти түндүктөн – Казакстан жана Өзбекстандын темир жана кан жолдору аркылуу жеткирилет. Вашингтон Борбор Азиянын бир катар өлкөлөрү менен кошумча жолдорун колдонуу жөнүндө сүйлөшүү өткөрүп жатат. 2009-жылы жүктүн 90 проценти Карачи аркылуу келчү. Ооганстанда ушу тапта 150 миңден ашуу чет өлкөлүк аскер жайгашкан, 99 миңдейи -америкалыктар.

XS
SM
MD
LG