Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

Таиландда бүгүн жалпы шайлоо өттү


Шайлоодон кийинки сурамжылоо көргөзгөндөй, Йинглак Шинватранын партиясы алдыда баратат. Ал “кызыл көйнөкчөндөр” деген антиөкмөттүк кыймылдын лидери Таксин Шинватранын карындашы. Борбордук шайлоо комиссия анын жеңишин бышыктаса, Йинглак Шинватра Таиланддын биринчи аял премьер-министри болуп калмакчы. Өлкөнү 2001-жылдан 2006-жылга дейре жетектеп келген Таксин Шинватра аскерий кутумдун натыйжасында бийликтен кетирлиген. Оппозициянын былтыркы массалык акцияларынан бери бул – алгачкы өнөктүк. Былтыр полиция менен демонстранттардын кагылышууларында 90дой киши набыт кеткен, 2 миң киши жарадар болгон. Добуш берүү укугуна өлкөдө 47 миллион жаран ээ. Алар парламнеттин 500 депутатын шайлашмакчы. Бүгүн өлкө аймагы боюнча коопсуздук чаралары күчөтүлүп, 170 миңдей тартип коргоочу шайлоо участкаларын катуу кайтарып турушту.

XS
SM
MD
LG