Украиналык боксер Владимир Кличко оор салмак категориясында дүйнө чемпиону наамын коргоп калды. Кечээ ал Гамбургда британиялык Дэвид Хайе менен беттешкен. Анын бир тууганы Виталий Кличко да өз салмагында дүйнө чемпиону. Жаанга жана суукка карабай таймаш өктөн Гамбургдун стадионуна 45 миңге чукул көрүүчү чогулду.