Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Рок-ырчы Стинг казакстандык мунайчыларды колдоду


Британиялык белгилүү рок-ырчы Стинг иш таштаган казакстандык мунайчыларга тилектештик иретинде Астанадагы концертинен баш тартты. Ырчы мындай чечимди Эл аралык мунапыс уюму ага иш таштоого миңдей адам катышып жатканын жана жумушчулардын арасында ачкачылык кармагандар да бар экенин айткандан кийин кабыл алды.

Май айында “Өзөнмунайгаз” компаниясынын бир нече миң жумушчусу маяналардын азайтылышына каршы иш таштоо жарыялашкан. Буга жооп кылып, компания бир жума мурда 250 жумушчуну эмгек келишиминин шартын бузду деп иштен айдаган.

XS
SM
MD
LG