Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:50

Түркия ливиялык козголоңчуларды акчалай да колдоду


Түркия Ливиядагы элчисин чакырып алды жана Муаммар Каддафинин режимине каршы санкциясын катуулатты. Мындай кадам Түркиянын тышкы иштер министри Ахмет Давутоглы жекшемби күнү ливиялык козголоңчулардын ээлигиндеги Бенгази шаарында болгондон кийин жасалды. Давутолгы Ливиянын чыгышын көзөмөлдөгөн көтөрүлүшчүлөргө ырасмий Анкара 200 миллион доллар берерин да билдирди. Ал адаватчылар түзгөн Убакьылуу элдик кеңешти “ливия элинин мыйзамдуу өкүлү” деп атап, Каддафини бийликтен кетүүгө үндөдү.

Анкара оболу НАТОнун учактарынын Каддафинин бийлигине каршы чабуулун сындаганы менен соңку кезде Триполиге кысымды күчөтүүдө.

XS
SM
MD
LG