Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:08

Яндекс “Чөөнүн сааты” тасмасына бөгөт койду


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Интернет саясаты боюнча жарандык демилге” коомдук фондунун коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Эркин Мамасалиев кабарлады. Аталган фонд ушул жылдын май айында Яндекс интернет издөө порталына Ош жана Жалал-Абадда болгон улут аралык араздашуу тууралуу бир тараптуу тартылган “Чөөнүн сааты” тасмасына Кыргызстан үчүн бөгөт коюну суранышкан. “Яндекс бул сунушту туура кабыл алды” – дейт Мамасалиев. Ал ушундай эле сунуш менен башка да интернет издөө порталдарына кайрылышканын кошумчалыды.

Кыргызстан Башкы прокуратурасы аталган китепке жана тасмага байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Материалдарды талдоо үчүн атайын адистерден турган комиссия түзүлүп, бул китепте июнь окуялары бир тараптуу чагылдырылган деген жыйынтыкка келген. Натыйжада Кылмыш кодексинин улуттук, расалык, диний жана аймактар аралык кастыкты козутуу беренелери боюнча кылмыш иши козголгон. Мындан улам Башкы прокуратура бул китептин Кыргызстандын аймагында чыгарылышына тыюу салуу өтүнүчүн сотко жөнөткөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG