Сириянын ортолук бөлүгүндөгү Хама шаарынан танктар чыгарылып кетти. Жергиликтүү элдин айтышынча, танктар жана чопкутталган машинелер 65 миң калктуу шаардын түндүк тарабына чыгып кеткен. Калаада ондогон адамдар камакка алынганы да айтылууда. Шаарда бир нече күн мурда президент Башар Ассаддын башкаруусуна каршы калың эл катышкан демонстрация болгондо аны басуу үчүн танктар коштогон аскер киргизилген.
Өлкө борбору Дамаскынын чет жакасында да Ассаддын бийлигине нааразылык өсүүдө. Оппозиция жана жергиликтүү тургундардын айтышынча, 3-июлда бийликке нараазы эки киши полициянын огунан өлгөн.
Швейцариянын SDA агенттиги өлкөнүн банктарында президент Ассадга таандык 32 миллион доллар тоңдурулганын кабарлады.