Бүгүн Гаагадагы эл аралык трибуналда босниялык сербдердин мурдакы аскер башчысы Ратко Младичтин соту уланат. Генерал Младич 1990-жылдардын башында Боснияда болгон согуш кезде, анын ичинде Сребреница чөлкөмүндө 8 миңдей босниялык мусулман эркектер менен балдарды жок кылган деп айыпталууда. 69 жаштагы Младич Гаага соту дайындаган адвокаттан баш тартып, соттук угууларда өзү тандаган адвокаттын катышуусун талап кылууда.