Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:48

КМШ коргоо министрлери Сочиде жыйын курат


6-июлда КМШнын коргоо министрлери Сочиде жыйналыш куруп, “Аскердик кызматташтык-2011” бирдиктүү аскерий машыгууларынын иш-планын бекитет. Жыйын Россиянын коргоо министри Анатолий Сердюковдун жетекчилиги алдында өтөт.
“ КМШнын коргоо министрлери 2015-жылга чейинки кызматташуу концепциясы алкагында иш-аракеттер планын аныктап, ушул жылы сентябрь айында “Ашуулук” орусиялык аскер майданында өтчү бирдиктүү аскерий машыгууларынын программасын бекитет,” – деп айтылат бүгүн коргоо министрлиги тараткан билдирүүдө.

Мындан тышкары жолугушууда министрлер ортосунда аскердик авиация жаатында кырсыктардын алдын алуу боюнча КМШ аймагында Куралдуу күчтөрдун аба учактарынын коопсуздугу боюнча координациялык кеңеш түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрмөкчү.

Кыргыз коргоо министри Абибилла Кудайбердиевдин да бул жыйынга катышаары күтүлүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG