Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Ноябрь, 2023-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:09

Эски жана жаңы курамдагы БШК мүчөлөрү тирешүүдө


Эски курамдагы Боршайком төрагасы Акылбек Сариев жаңы шайланган БШК курамын келип отурум өткөрүү аракетин шашалыш жана негизсиз деп баалады. Сариев 8-июлда Жогорку Кеңеш БШК мүчөлүгүнө президент талапкерлигин көрсөткөн калган эки талапкер шайлангандан кийин гана толук курам менен иш алып барышы жүйөөлүү болмогун билдирүүдө.

Ал эми талапкерлигин Жогорку Кеңеш көрсөткөн жаңы курамдагы БШК мүчөсү Ишенбай Кадырбеков “Азаттыкка” жаңы Боршайком отурумун баштаганын маалымдады. Кадырбековдун айтымында, учурда БШК төраганы шайлоо боюнча кеңеш жүргүзүүдө.

Бүгүн БШКнын жаңы курамы расмий отурумга чогулганы маалым. Бирок Акылбек Сариев башыда турган эски курамдагы Боршайком мүчөлөрү буга каршылыгын билдирүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG