Бүгүн төрага Ахматбек Келдибеков депутаттар тобунун кайрылуусунун негизинде 8-июль күнү саат 9:30да кезексиз сессия чакыруу жөнүндө тескеме чыгарды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Тескемеде жазылгандай, Жогорку Кеңештин депутаттарынын кеминде үчтөн биринин сунушу боюнча парламент кезексиз сессияга чогула алат. Күн тартибине Сотторду тандоо боюнча кеңештин курамын бекитүү жана президенттин сунуштамасы боюнча Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын эки мүчөсүн шайлоо киргизилди. (EK)