Түркиянын мамлекеттик министри Зафер Чаглаян кыргыз пермьер-министри Алмазбек Атамбаевге кайрылды. Чаглаян Таласта төө бурчакты экспорттоо менен шугулданган түрк жараны Юсуф Өзел камалышы боюнча кайрылып, Атамбаевден бул окуяга көңүл буруп коюсун суранды.
Ишкер Юсуф Өзел 25-майдан бери Бишкек ШИИБнин абагында камакта. Ага өзүнүн эле жергиликүү бизнес шериктери көп эсепте карыз акча илип, коркутуу жолу менен тил кат жаздыртып алганы айтылып жатат. Өзел менен чогуу анын кош бойлуу жубайы Наргиза Такырбашева да камакта экендиги кабарланууда. Бул тууралуу Юсуф Өзелдин адвокаты Жандарбек Мамытбеков “Азаттыкка” билдирди.
Акыйткатчы Турсунбек Акун болсо укук коргоо органдары тарабынан четтен келген ишкерлерге кысым көбөйүп жатканын билдирүүдө. (EK)