Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:32

Гаагада Ратко Младич сот залынан чыгарылды


Сараеводо "Биз баарыбыз күбөбүз" деген акцияга чогулгандар согуш учурунда өлтүрүлгөн жакындарынын сүрөттөрүн жубалга илип, Младичтин сотун көрүштү, 4-июль, 2011
Сараеводо "Биз баарыбыз күбөбүз" деген акцияга чогулгандар согуш учурунда өлтүрүлгөн жакындарынын сүрөттөрүн жубалга илип, Младичтин сотун көрүштү, 4-июль, 2011
Буга Младич соттун сөзүн бөлүп сүйлөтпөй койгону себеп болду. Босниялык сербдердин армиясынын мурдагы башчысы Ратко Младичти 1990-жылдардагы согуш кылмыштары, анын ичинде Сребреница айылында 8 миңдей мусулман эркекти кырганы үчүн айыптап жатышат.

Соттун төрагасы Альфонс Орие бүгүнкү жыйында сүйлөп жатканда Младич анын сөзүн бөлө бергени үчүн аны соттон чыгарып салды. Бириккен улуттар уюмунун сотунда Ратко Младич аны сот тарабынан дайындалган адвокат эмес, өзү тандаган адам коргосун деп талап кылып жаткан.

XS
SM
MD
LG