Интернеттеги түрдүү социалдык түйүндөр аркылуу кечээ өлкөнүн Эгемендик күнүндө акцияга чыккандардын 300 мүчөсү камакка алынган. Бул тууралуу “Весна” деп аталган укук коргоо уюму кабарлады. Алардын көпчүлүгү соттоло турган болду. Буга карабай, акциялар улантыла берээрин бүгүн анын уюштуруучулары президент Александр Лукашенкого жиберген ачык катында айтып жатышат.
Кечээги майрамда акциянын катышуучулары тынбай кол чаап, президент Лукашенкону сүйлөтпөй койгонго аракет кылышкан. “Коркутуп-үркүтүү, айып пул, жумуштан айдоо менен бул акцияларды токтото албайсыңар. Биз жарты колбаса үчүн же айлыгыбызга 20 доллар кошулушу үчүн эмес, эркиндик үчүн күрөшүп жатабыз”, - деп айтылат уюштуруучулардын катында.