Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:41

Чемил Чичек - Түркия парламентинин спикери


Чемил Чичек Түркия парламентинин төрагасы болуп шайланды. Чемил Чичек бийликтеги "Адилеттүүлүк жана өнүгүү" партиясынын жетекчилеринин бири. Бул партия 550 орундуу парламентте көпчүлүктү түзөт же 327 мадатка ээ. 4-июлда Чичекти колдоп 322 депутат добуш берди. Оппозициячыл Элдик республикалык партиянын мүчөлөрү сессияга катышканы менен добуш бере алган жок. Себеби негизги оппозициялык партиянын мүчөлөрү өткөн жумада парламенттин жаңы депутаттары менен чогуу ант берүүдөн баш тартып коюшкан. Күрттөрдү колдогон депутаттар добуш берүүгө келишкен жок. Эки фракция "өкмөткө каршы кутумга катышкан, же күрт козголоңчулары менен байланышта" деп шектелген сегиз мүчөсүн сот абактан чыгарбай койгонуна нааразы. БШК алардын биринин мандатын жокко чыгарып, орунду башкаруучу АК партиясына ыйгарып койгон.

XS
SM
MD
LG