Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна мүчө өлкөлөрдүн аскерий кызматкерлеринин окуусу төрт күнгө созулат. Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Мурат Ашырбековдун "Азаттыкка" кабарлашынча, окууга Орусия, Казакстан, Кыргызстан жана Тажикстандандан өкүлдөр катышат. Биргелешкен аскерий аракеттерди иштеп чыгуу Кыргызстан коргоо министрлигинин окуу борборунунун базасында өтүлөт. Жалпысынан окууга алтымыштан ашуун аскер кызматкерлери катышып, кесиптик жөндөмдүүлүгүн, билимин өркүндөтүп, биргелешип иштешүүнүн жол-жоболорун үйрөнүшөт. Мындан сырткары террористтик операцияларга каршы машыгуулар болмокчу. (КЕ)