Президент Роза Отунбаева кечээ, 4-июлда Бириккен Улуттар уюмунун Баш катчысынын өкүлү Мирослав Енча жетектеген делегацияны кабыл алды. Президенттин басма сөз кызматы кабарлагандай, өлкө башчысы алдыда боло турган президенттик шайлоого байланышкан маселеге кайрылып акыйкат, транспаренттүү жана демократиялуу шайлоолорду өткөрүү милдети тургандыгын айтты.
Өз кезегинде Енча Кыргызстанда позитивдүү өзгөрүүлөр бар экенин, абал өз нугуна түшүп баратканын, БУУ мындан ары да тынчтыкты курууга, мыйзамдуулуктун сакталышын камсыздоого байланышкан долбоорлорду ишке ашырууга, терроризмге жана баңгизат трафигине каршы күрөшкө көмөк көрсөтө тургандыгын кошумчалады. (КЕ)