Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:14

ИИМ: Бостериде милиция курал колдонууга аргасыз болгон


Ички иштер министрлиги Ысык-Көл облусуна караштуу Бостери айылындагы “Асыл-Таш” пансионатында милиция кызматкерлери менен жергиликтүү балдардын ортосундагы жаңжал тууралуу түшүндүрмө таратты.

Анда ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш башкы башкармалыгынын өкүлдөрү пансионатта акча өндүрүп жатат деп шектелген жерге барып “жаалданган” балдарга жолукканы айтылат. "Алар милицияга акаарат келтирип кол көтөрүшкөн. Милиция курал колдонууга аргасыз болгон", - дейт ИИМдин билдирүүсүндө. Натыйжада Бостери айылынын эки тургуну октон жаракат алып? ооруканага жаткырылды.

Кечээ кечке маал Бостериде чогулган 300-400дөй адам Балыкчы-Каракол жолун тосуп, ок чыгарды деген милицияларды берүүнү талап кылышкан. Алар эртең менен кайра чогулуу үчүн тарап кетишкен. Азыр бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, тергеп-иликтөө башталды. (EBM)

XS
SM
MD
LG