Президент Роза Отунбаева 4-июлда күч структураларынын өкүлдөрү менен кеңешме өткөрдү. Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче, анда мамлекеттик чек араны кайтаруу, июнь коогасына байланыштуу кылмыш иштерди тергеп-иликтөөгө байланышкан маселелер каралды. Отунбаева чек ара аскерлери мыктылардан тандалып, жашоо-шарттарын жакшыртылышы керектигин билдирди. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленовго чек араны кайтарууну жакшыртуу иштерине байланышкан чыгымдарды эсептеп, Каржы министрлигине тапшырууга эки апта мөөнөт берди. (EBM)