Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Киммо Килюнен Кыргызстанга келүүгө даяр


Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын төрагасы Киммо Килюнен эгер кыргыз парламенти анын пикирин угууга кызыкдар болсо, Кыргызстанга келүүгө даяр экенин “Азаттыкка” билдирди.

Жогорку Кеңештин төрагасы Ахматбек Келдибеков 2-июлда маалымат жыйында Килюнен Кыргызстанга келиши ыктымал экенин айткан. Төрага кыргыз депутаттары Финляндияда Килюнендин демилгеси менен жолугушуу өткөргөнүн, эл аралык комиссиянын корутундусу бир жактуу болуп калганын айтышып, андагы кемчиликтерди айтышканын маалымдаган.

Июнь коогасы боюнча эл аралык комиссия корутундусун 3-майда жарыялаган.

Жогорку Кеңеш 26-майдагы отурумунда Килюнен жетектеген комиссиянын корутундусун бир тараптуу деп баалап, өзүн “персона нон-грата” деп жарыялап, Кыргызстанга келүүсүнө тыюу салган эле.

Президент Роза Отунбаева парламенттин бул чечимин сындаган болчу. (EBM)

XS
SM
MD
LG