Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:11

Экстрадициялоо боюнча КМШ өлкөлөрүнө 73 өтүнүч жөнөтүлдү


Башкы прокуратуранын билдиришинче, Күнкорсуз мамлекеттер шериктештигине кирген өлкөлөрдөгү Кыргызстанда издөөдө жүргөн кылмышка шектүү делген адамдарды кайтаруу боюнча 2011-жылдын башынан бери 73 өтүнүч жөнөтүлдү. Алардын теңине жакыны Орусияга туура келет. Орусия 14, Өзбекстан 2 адамды кайтарып берүүдөн баш тартты. Азыр онго жакын адамга байланыштуу материал иликтенип жатат. Бишкекке №1 тергөө абагына 12 адам алынып келди. Орусияда июнда кармалган 12 адамды алып келүү боюнча документтер жөнөтүлдү.

Кыргызстан кылмышка шектүү деп кайтарып алууну каалагандардын арасында мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары, мурунку аткаминерлер да бар. (EBM)

XS
SM
MD
LG