Бүгүн Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Туйгунаалы Абдраимов маалымат жыйын өткөрүп, БШКнын жаңы курамы мыйзамдуу жол менен шайланганын билдирди. Андан мурдарак Боршайкомдун мурунку төрагасы Акылбек Сариев эски курам жаңысына орун бошотуп бергенин айткан. Бирок бул толук кызматтан чегинүү деп атоого болбой турганын, БШКнын айланасындагы кырдаал тууралуу өлкө жетекчилигине кат жолдошоорун билдирген.
4-июлда Борбордук шайлоо комиссиясынын эски жана жаңы курамдарынын ортосунда карама-каршылык чыккан. Соңунда БШКнын жаңы курамы өзүнүн төрагасы кылып Туйгунаалы Абдраимовду шайлап, расмий түрдө ишке киришкенин жарыялаган болчу. (EBM)