Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:05

Бостеридеги жаңжал боюнча комиссия түзүлдү


Ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев Ысык-Көлдүн Бостери айылында милиция менен жергиликтүү балдардын ортосундагы жаңжалды иликтөө үчүн комиссия түзүлгөнүн “Азаттыкка” билдирди. Комиссияга айыл аксакалдары менен активисттери, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин жана прокуратуранын кызматкерлери кирди. Иликтөө бүтмөйүнчө жергиликтүү эл менен жолду тосуу сыяктуу кескин чараларга барбоону макулдашты.

4-июлда кечке жуук Бостеридеги “Асыл-Таш” пансионатында акча өндүрүп жатат деп шектелген жергиликтүү балдар менен милиция кызматкерлери мушташа кеткен. Натыйжада милиция кызматкерлери курал колдонуп, октон жаракат алган эки бала ооруканага жеткирилген. ИИМ жергиликтүү балдар милицияга кол көтөргөндүктөн тартип коргоо органдары курал колдонууга аргасыз болгон деп билдирүүдө.

Учурда ок жеген балдар операция жасоо үчүн Бишкекке жөнөтүлдү. Чолпон-Ата шаардык ооруканасынын дарыгери Амантур Торготов жарадарлардын абалы оор, бирок туруктуу экенин “Азаттыкка” маалымдаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG