Британ өкмөт башчысы Дэвид Камерон Ооганстанда сапары учурунда Лашкарг шаарына баруудан баш тартууга мажбур болду. Буга дүйшөмбү күнү британдык аскердин аталган шаарда талиптердин колунан мерт кетиши себеп болду.
Лашкарг – коопсуздук көзөмөлүн чет өлкөлүк аскерлерден жергиликтүү коопсуздук кызматтарына өткөрүп берүүгө даярдалып жаткан шаарлардын бири. Британ премьери Ооганстанга ушул маселени талкуулоо үчүн барган.