Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:05

Жазуучу аял Стросс-Канды сотко берет


32 жаштагы франциялык жазуучу жана журналист Тристан Банон Дүйнөлүк каржы уюмунун мурдагы башчысы Доминик Стросс-Канга каршы сотко кайрылганы жатат. Банондун айтымында, Стросс-Кан өз батиринде 2003-жылы интервью маалында аны зордуктоого аракеттенген. Дароо сотко берүүгө журналисттин энеси, Социалисттик партиянын мүчөсү макул болбой койгон. Доминик өз кезегинде жалаа жапты деп жазуучунун өзүн сотко берем деп жооп кайтарды. Банон Стросс-Кандын мурдагы аялынын өкүл кызы.

Мурдараак социалисттер жакында Нью-Йорктогу үй камагынан бошотулаары күтүлүп жаткан Стросс-Кандын талапкердиги 2012-жылкы президенттик шайлоого сунушталары арсар деп билдиришкен.

XS
SM
MD
LG