Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:09

Cирияда дагы 10 кишинин каны төгүлдү


Сириянын Хама шаарында 5-июлда аскерлердин чабуулунан кеминде он киши курман болду. Бул жөнүндө адам укугун коргоочулар билдиришти. Танктар коштогон аскерлер президент Башар Асаддын бийлигине каршы көтөрүлгөн элди тынчытууга аракет кылышууда.

Өткөн аптада Сириянын ортолугундагы Хамада 100 миң адам катышкан демонстрация өткөн. Бул мартта өкмөткө каршы чыгуулар башталгандан берки нааразылык акциялардын эң чоңдорунун бири болду. Адам укугун коргоочу уюмдардын айтышынча, 14 аптадан берки кагылыштарда 1300дөн ашуун адамдын өмүрү зобун болду, 10 миңден ашык адам камакка алынды. Сирия өкмөтүнүн маалымдашынча, куралчан топтор 500 полициячыны жана жоокерди катардан чыгарган.

XS
SM
MD
LG