Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:35

Бүгүн журналисттердин коопсуздугу талкууга алынат


ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси бүгүн массалык нааразылык акциялар учурундагы журналисттердин коопсуздугу тууралуу талкуу уюштурат. Анда "журналисттерге кол салууларга ММК өкүлдөрү өздөрү күнөөлүбү, же коомдо журналисттерге карата мамиле агрессивдүү болуп баратабы" деген суроо талкууланат.

Иш-чарага ЕККУнун Кыргызстандагы элчиси Эндрю Тесорьер, медиа уюмдар өкүлдөрү катышат. Журналисттерге ыдык көрсөтүү фактылары боюнча ИИМ жана УКМК органдарынын комментарийлери боюнча талкуу жүрөт. (КЕ)

XS
SM
MD
LG