Бул тууралуу Ирандын Кыргызстандагы элчиси Манучехр Моради 5-июлда Кыргызстандын каржы министри Мелис Мамбетжанов менен жолугушууда билдирди. Элчи иран өкмөтү Ош шаарындагы спорт комплексин куруу үчүн 1 миллион доллар бөлүүгө даяр экенин айтты.
Каржы министрлигинин маалымат кызматынан билдиришинче, бул жолугушуу Иран менен Кыргызстандын соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий кызматташуусун өнүктүрүү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынын утурлап өттү. Аталган комиссия 24-25-июль күндөрү Ирандын борбору Тегеранда жыйынга чогуланы жатат. (EBM)