Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:47

Азимбек Бекназаров кызматтан бошотуу тууралуу арыз жазды


Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Азимбек Бекназаров кечээ кечинде Роза Отунбаевага кызматтан бошотуу тууралуу арыз киргизгенин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда өткөөл мезгил соңуна чыкты. Парламенттик өлкө түптөлүп, коалициялык өкмөт куралды. Жогорку Кеңеш президенттик шайлоонун мөөнөтүн аныктады, Борбордук шайлоо комиссиясы түзүлдү. Бекназаров өткөөл мезгилдин президенти менен баштан аяк чогуу болгонун, өзүнүн тарыхый озуйпасы аткарылды деп эсептей турганын белгиледи.

Апрель окуяларынан кийин Бекназаров Убактылуу өкмөттүн сот жана прокуратура органдарын тескеген өкүлү болуп турган. Андан кийин түзүлгөн техникалык өкмөттө да вице-премьер-министр кызматына келген.

Президенттин маалымат кызматы Бекназаровдун арызы тууралуу азырынча комментарий бере элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG