Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:47

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча сүйлөшүү башталды


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин алдындагы Чек ара кызматынын кол башчысы Закир Тиленов бүгүн чек арадагы кырдаал тууралуу маалымат жыйын өткөрдү. Тиленов кыргыз-өзбек чек араларын аныктоо боюнча эки өлкөнүн комиссиясы бүгүн Өзбекстанда сүйлөшүүлөрдү баштаганын билдирди.

Эки өлкөнүн өкүлдөрү чек араларды тактоо боюнча апрель окуяларынан кийин жолугуша элек болчу.

Кыргыз-өзбек чек арасы 1378 чакырымды түзөт, анын 320 чакырымы тактала элек. Кыргыз-тажик чек арасы 971 чакырым, анын 471 тактала элек. Кыргызстан Кытай жана Казакстан менен чек арасын толугу менен тактап алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG