Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:34

ЕККУнун Бишкектеги өкүлү журналисттер абалына камтама болду


Бүгүн Бишкекте Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык уюму нааразылык акцияларды чагылдыруу маалында журналисттердин коопсуздугун камсыздоо маселелери тууралуу талкуу өткөрдү. Анда ЕККУнун Бишкектеги борборунун башчысы Эндрью Тесорьер соңку учурда жергиликтүү журналисттер кооптуу жагдайларга көп кабылып жатканына камтамачылык билдирди.

Жыйында журналисттердин коопсуздугун камсыздоо боюнча натыйжалуу чараларды иштеп чыгып өкмөткө сунуштоо чечими кабыл алынды. Массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү окуяны чагылдырып жатканда кесиптик эрежелерди сакташы зарыл экени белгиленди. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкек борборунун маалымат кызматы билдирди.

Бул талкуу президенттик шайлоо маалында журналисттерди коркутуу же кол салуу тобокелдигин азайтууга арналган алгачкы аракет болуп эсептелет. Ушундай эле иш-чара эми 12-июлда Ош шаарында өткөрүлмөкчү. (EBM)

XS
SM
MD
LG