Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:17

Сербиянын президенти расмий сапар менен Боснияга келди


Борис Тадич Босния жана Герцеговинадагы маалымат жыйынында, Сараево, 6-июль, 2011.
Борис Тадич Босния жана Герцеговинадагы маалымат жыйынында, Сараево, 6-июль, 2011.
Эки өлкөнүн алакалары 1992-95-жылдардагы согуштан бери жакшырып кете элек. Серб президенти Борис Тадичтин Сараевого сапарынын башкы максаты да мамилени жакшыртуу экени айтылып жатат. Тадич согуш аяктагандан бери Боснияга болгону экинчи жолу гана келип отурат. Серб лидери өзү Сараеводо төрөлгөн. Бул жерде ал Босниянын үч президенттүү жетекчилиги менен жолугушмакчы. Мамлекетти президенттик үчилтик жетектейт жана ага босниялык серб Небойша Радманович, мусулман Бакир Изетбегович жана хорват Желко Комшич кирет. Тадичтин сапарынан бир ай мурда согуш кылмыштары үчүн айыпталган босниялык сербдердин армиясынын мурдагы жетекчиси Ратко Младич кармалган эле. Ушул тапта ал Бириккен улуттар уюмунун Гаага трибуналында соттолууда.

XS
SM
MD
LG