Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:43

Беларус оппозициясы ири демонстрацияларды өткөргөнү жатат


“Чындыкты айт!” деп аталган оппозициялык кыймылдын лидери Владимир Некляев бүгүн билдиргенине караганда, өкмөт нааразы болгон элди күч менен басууга аракет кылганы менен, экономикалык кризис күчөп жатканы коомдун ар кайсыл катмарларын чогулуп, өзгөрүүнү талап кылган демонстрацияларды уюштурууга мажбур кылат.

Беларуста былтыр декабрдагы президенттик шайлоодон бери президент Александр Лукашенкого каршы нааразылык акциялары күчөдү. Аларды бийлик күч менен басууга аракет кылып жатат. Өткөн дем алышта интернеттеги социалдык түйүндөр аркылуу чогулган эл Эгемендик майрамында тынбай кол чаба берип, президентти сүйлөтпөй койгонго аракет кылган эле.

Жүздөгөн адамдар кармалып, кеминде 140 соттолду. Былтыр декабрда өлкөдөн чыгып кеткен интернет активист Вячеслав Дянов “Рейтер” агенттигине: "Чынында, биздин акцияны эч кандай уруксат берилбеген митингдердин, демонстрациялардын катарына кошууга мүмкүн эмес. Адамдар эч кандай желек, плакаты жок эле турушат. Кыйкырыктар да айтылбайт. Адамдар жөн гана кол чабышат. Лукашенко бүгүн аларга кол чапканга тыйуу салып жатса, эртең аба жутканга да тыйуу салып коет", - деди.

Мындан мурдараак Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагасы Беларус президентинен оппозицияны басмырлаганын токтотууну талап кылган эле.

XS
SM
MD
LG