Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:42

Адам сатууга каршы күрөшүү боюнча Улуттук план иштелип чыгат


Адам сатууга каршы 2011-2015-жылдарга белгиленген Улуттук планды иштеп чыгуу үчүн жумушчу топ бүгүн жыйынга чогулат. Бул маалыматты Эмгек, жумуштуулук жана миграция министрлигинин басма сөз катчысы Назгүл Мурзаева “Азаттыкка” тастыктады. Анын айтымында, Улуттук пландын долбоору өлкөнүн миграция саясаты боюнча негизги документтердин бири болуп калат.

Планды иштеп чыгууга ЕККУнун Бишкектеги кеңсеси, БУУнун Баңгизат жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы, Эл аралык миграция уюму көмөк көрсөтүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG