Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:10

Августтан тарта кумшекер арзандашы мүмкүн


Орусия, Беларус жана башка өлкөлөрдүн кант заводдору жаңы түшүм үчүн кампаларын бошотуп, кумшекерге бааны арзандатканына байланыштуу Кыргызстанда да баа түшүшү ыктымал. Бул тууралуу Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча агенттиги кечээ, 6-июлда кабарлады. Маалыматка ылайык, Кыргызстанга четтен жетиштүү көлөмдө кумшекер ташылып келинген. Ал кумшекер өлкөдөгү кант кызылчасынын жаңы түшүмү жыйналып бүткөн убакка чейин жетет. Ошол себептүү Кыргызстанда баанын кескин өсүп кетүүсү күтүлбөйт.

Бүгүнкү күндө республика боюнча кумшекердин орточо баасы килограммына 64 сом 50 тыйынды түзүүдө. Жыл башынан бери шекердин баасы 5 сом 60 тыйынга кымбаттаган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG