Бул туурасында “Азаттыкка” Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлады. 7-июлда түнкү саат экилер чамасында Бишкек-Ош жолунун 341-чакырымында Пассат (мам.№Е 06-31 В) үлгүсүндөгү унаа жолдон чыгып кетип, оодарылып кеткен. Жол кырсыгынын кесепетинен унаа өрттөнүп кетип, ичиндеги 4 жүргүнчү каза болду. Окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Токтогул райондук куткаруу кызматынан 5 куткаруучу барып, жүргүнчүлөрдүн сөөктөрүн райондук ички иштери кызматкерлерине өткөрүп беришти. (AzK)