Бул туурасында “Азаттыкка” Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиев билдирди. Эми 2010-жылдын 7-апрел окуясы боюнча сот жараяны мурдагы мамлекеттик айыптоочулардын толук курамында катышуусу менен улана берет.
Буга чейин апрель окуясынын сотун карап жаткан судья Дамир Оңолбеков сот жүрүмүндө мамлекеттик айыптоочулардын курамын толугу менен өзгөртүү боюнча Камарданын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Натыйжада төрт прокурор жараяндан четтетилген.
Бирок жактоочу бул чечимге канааттанбай, Бишкек гарнизондук аскер сотуна кайрылган. Сот бул өтүнүчтү 20-июнда карап, четке каккан болчу.
Бүгүн Жогорку Сот Бакиевдердин кызыкчылыгын коргогон жактоочу Ирина Камарданын Бишкек гарнизондук аскер сотунун 20-июндагы аныктамасын жокко чыгарып берүү боюнча көзөмөл арызын карап, аны четке какты.
Былтыр ноябрда башталып, кайра токтоп калган апрель окуялары боюнча сот 18-мартта жанданган. Анда мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары баш болгон 28 мурунку аткаминерге айып тагылууда. (КЕ)