Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:58

Президент Салех бийликти бөлүшүүгө макул


Йемендин президенти Али Абдулла Салех июндун башында президенттик сарайга жасалган чабуулда жарадар болгондон бери алгачкы ирет калкка сыналгыдан кайрылды. Йемендин өкмөттүк телеканалы 7-июлда көрсөткөн кыска тасмада Салехтин бетинде күйүктүн тагы байкалып турду.

Салехтин айтымында, ага сегиз жолу операция жасалган. Ал бардык партияларды диалогго чакырып, Конституциянын чегинде бийликти бөлүшүүгө даяр экенин айтты. Салех азыр да Сауд Арапстандагы аскерий госпиталда дарыланууда.

XS
SM
MD
LG