Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:27

Түркмөнстанда аскерий кампада жарылуу болду


Түркмөнстандын Абадан шаарындагы аскерий кампада чоң жарылуу болду. “Азаттыктын” Түркмөн кызматынын билдиришинче, жардыруудан кампага коңшулаш жердеги үйлөр жабыркаган. Күбөлөрдүн айтышынча, аскерлер, милиция жана өрт өчүрүүчүлөр шаар тургундарын шашылыш көчүрүшүүдө. Абадан өлкө байтакты Ашхабаддан 20 чакырымдай батыштагы шаар.

Түркмөн бийликтеринин ырасмий маалыматы боюнча, бейшемби күнү Абадандын четиндеги аскерий кампада жардыруучу заттар өрттөнүп жарылган.

XS
SM
MD
LG