Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:48

ЕККУ сындаган соң Кремль чечимин өзгөрттү


Орус өкмөтү оппозиция лидери Борис Немцовдун тыш өлкөлөргө каттоосуна тыйуу салган чечимин алып салды. Орусиянын сот өкүмдөрүнүн аткарылышын көзөмөлдөө боюнча федералдык агенттиги Немцовдун чет мамлекеттерге катоосуна тыйуу салган чечим шашылыш кабыл алынып калганын 7-июлда шамга жакын билдирди.

Бийлик мындай кадамга Европа парламенти мурдагы 1-вице-премьер Борис Немцовдун бөтөн мамлекеттерге жарым жыл ичинде каттоосуна тыйуу салууну айыптаган резолюция чыгарып, аталган чараны тез токтотууга чакыргандан кийин барды.

Немцов чет өлкөгө чыгарбоо боюнча чечим “Элдик эркиндик партиясын” (кыскача, “Парнас”) түзгөнү үчүн премьер-министр Путиндин каршы жообу болду деп түшүндүргөн. Өткөн айда бийлик “Парнасты” каттоодон өткөрбөй койгон.

XS
SM
MD
LG