Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

АКШ элчиси Сирия оппозициясы менен жолукту


7-июлда АКШнын Сириядагы элчиси Роберт Форд өкмөткө каршы демонстрациянын катышуучуларына колдоо көрсөтүү үчүн Сириянын ортолугундагы Хама шаарына барды.

Хама - президент Башар Ассаддын башкаруусуна каршы мартта башталган массалык элдик чыгуулардын бир борбору. Аскерлер жакында эле шаардагы козголоңчуларды айоосуз баскан. Сирия өкмөтү Роберт Форд Хамада оппозиция өкүлдөрү менен жолугушкандан кийин Кошмо Штаттарды элди бийликке каршы тополоңго түртүүдө деп күнөөлөдү.

АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Виктория Нуланддын билдиришинче, Дамасктагы элчилик Роберт Форддун Хамага барары тууралуу Сирия өкмөтүнө алдын ала маалымдаган.

XS
SM
MD
LG