Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:31

9-июлда айрым аймактарда өткүн өтөт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 9-июлда Кыргызстандын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Түндүк-батыштан соккон шамаалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20-метрге чейин жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34, Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 28…33, Баткен облусунда түнкүсүн 16…21, күндүз 28…33, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 16…21, күндүз 30…35, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26, Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 5…10 градус жылуу болоору күтүлүүдө.

Бишкекте ала булут каптап турат, дээрлик жаан-чачын күтүлбөйт. Түндүк-батыштан соккон шамаалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18, күндүз 31…33 градус жылуу болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG