Бул тууралуу Кыргызстандын Нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Жумакадыр Акенеев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, буга чейин күнүнө 1000 тонна күйүүчү май Кыргызстандан Тажикстанга ташылып жаткан болсо, бүгүнкү күндө анын көлөмү 200 тоннага түштү.
Мындай жыйынтык аталган ассоциациясынын жүргүзгөн байкоосунун натыйжасында чыккан. “Күйүүчү майдын аткезчилигинин ооздукталышы Бажы кызматынын күчөтүлүшү, өкмөт өкүлдөрүнүн чек ара аймактарын көзөмөлгө алышы менен байланыштуу болушу мүмкүн”,-дейт Акенеев. (KKs)